КАЙСЫ АЙЛАР БАШ КОШУУГА ЫЛАЙЫКТУУ
Ар бир адам баласы үй-бүлө курарда жакшы тилектери менен турмушка аттанып, кадам таштайт. Ошентсе да айрым учурда изилденген маалыматтарга таянып баш кошууга ылайыктуу айлар кайсылар экенин билип алууңуз шарт. Эгер сизге кызык болсо, көз жүгүртүп коюңуз...
Январь
Бул ай кыштын кычыраган суук айларынын бири. Ошого жараша бул учурда баш кошкондордун саны да сейрек кездешет. Негизинен январь айында үйлөнүү сунушталбайт. Анткени аталган айда турмушка чыккан айым эртелеп жесир калышы мүмкүн деген ишеним бар.
Февраль
Кыштын акыркы айы болуп, артынан жазды ээрчитип келет. Андыктан бул айда баш кошкон жаш жубайлар турмушта бири-бирине эриш-аркак болушат. Ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болгон бул жуптар түбөлүккө жашоолорун жакшы улантышат. Бири-бирин колдогон жагынан эч кимди алдыга салышпайт.
Март
Жаздын алгачкы айы. Жер жарылып, көк чыгып, курт-кумурска кыбырап, табият кубулуштарынын жашоого болгон үмүтү жанданат. Күн жылып, айлана-чөйрө суктанарлык болгону менен бул ай баш кошууга ылайыксыздай сезилет. Аталган айда баш кошкон никедегилердин ала жипти аттагандары көп кездешет.
Апрель
Бул айда никелешкен жубайлар өзгөрүлмө турмуштун ачуу-таттуусуна, кыйынчылыгына чыдап жашап кетишсе өтө жакшы. Жашоонун башындагы оор сыноолор бат эле унутулат. Ал келип кетчү кыйынчылык экенин эстен чыгарбоо кажет. Ал эми байлык, бийлик, бакыт деген нерселер андан кийин өзү эле келет.
Май
Май айын кыргыздар “жут айы” дешип, үйлөнүү үлпөт тоюн көп өткөрүшпөйт. Ал эми орус эли деле майда баш кошууну туура көрүшпөйт. Себеби аталган айда баш кошкон жубайлар арасында пикир келишпестиктер, чыр-чатактар тез-тез болуп турат экен.
Июнь
Жайдын босогосу. Бул айда түтүн булаткан жуптар бири-бирин сыйлай билишет. Көңүлдөрүн оорутушпаганга аракеттенишет. Андыктан бул түгөйлөрдө алгачкы үйлөнгөндөгү ысык күндөр, ысык мамилелер өмүр бою сакталып калат. Көз тийбесин, булар жашоодо үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн боло алышат.
Июль
Бул ай үлпөт кийимин кийүүгө, дасторконду жайнатууга абдан эле ыңгайлуу болгону менен баш кошкондор үчүн андай эмес. Июлда үйлөнгөн жубайлар баш кошкондогу жүрөк ооруткан окуяны түбөлүккө эстеринен чыгарбай кыйнала беришет. Ошол себептен сак болуулары кажет.
Август
Август той өткөрүүгө ылайыктуу жер-жемишке мол ай болгондуктан бул айда баш кошкондордун саны арбын. Бул үй-бүлөдөгү аялзаты өз милдетин так аткарууга жан үрөгөн жубайлардан болот. Ал эми күйөөсүнүн көзү никеде болгонуна карабай башкага түшүп турат.
Сентябрь
Күркүрөгөн күздүн бул айында баш кошкон жубайлардын турмуштары ыр-чырсыз, өз нугунда өтөт. Бул жуптар сабырдуулукту туу туткандардан болгондуктан үй-бүлөдө жагымсыз жагдайлар көп жарала бербейт. Ошого байланыштуу сентябрь айы баш кошууга ылайыктуу айлардын бирине кирет.
Октябрь
Аталган айда баш кошкон жаш жубайлар үчүн жашоонун сыноолору оор болот. “Аракетке берекет” демекчи, турмуштун оор жагдайларын аракет менен гана жеңип чыгышат. Ал үчүн бул айда баш кошкон жубайларга темирдей бекем эрк керек. Ошондо гана оор жана кыйын турмушту багындыра алышат.
Ноябрь
Ноябрда баш кошкон жубайларды ырыстуу жубайлар десек жарашат. Бул айда турмушка аттанган үй-бүлөлөрдүн коломтосунан оту өчпөй, жашоолору түбөлүккө ынтымакта өтөт. Булар бири-бирине болгон ынактыгы менен башкаларга үлгү болуп турушат.
Декабрь
Кыштын алгачкы айында никелешкен жубайлар башында үй-бүлө маселесине өтө деле маани бере беришпейт. Бирок “Бара-бара көсөм болосуң” демекчи, улам убакыт өткөн сайын жубайлардын мамилелери ысык тарта баштайт. Ушундан улам үй-бүлө пайдубалын бекемдеп, түбөлүктүү мыкты жарлардан болушат.